Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүнөн келген окуучулар менен жолугушту

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүнөн келген окуучулар менен жолугушту

Бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү мектеп окуучулары менен жолугушту.

Жогорку Кеӊештин иши менен таанышууга келген мектеп окуучуларына парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берген депутат Тынчтыкбек Конушбаев: «Адам билими жана таланты менен гана таанылат. Ал эми мамлекет ошол билимдүү жана таланттуу жаштардын келечектүү демилгелери менен өнүгөт. Андыктан, жакшы окуп, көп түрлүү өнөр үйрөнүүгө аракет кылгыла. Талыкпай изденүү менен тынбаган аракет өзүңөрдүн өсүүңөргө гана өбөлгө болот», — деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев 20 жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан демөөрчүлүк жардамдар дагы да улантыларын айтып, балдардын келечегине багытталган бардык долбоорлорду колдоого аларын билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында окуучуларга парламенттик жыйындардын жүрүшү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилип, Жогорку Кеӊештин аппаратынын ишин көрүп чыгууга да шарт түзүлдү. Андан тышкары, окуучулар кызыккан суроолоруна жооп алышып, мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген депутат Тынчтыкбек Конушбаевге ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, Жогору Кеӊештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаевдин демөөрчүлүгү менен Суусамыр өрөөнүндөгү мектептердин окуучулары арасында атайын сынактар өткөрүлүп, андан жеӊип чыккан окуучуларга парламенттин иши менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилген. Мындан сырткары, аларга баалуу белектер да ыйгарылат.

 

 

2019-04-18T09:40:49+00:00